Бишкек, 12.02.25. /Кабар/. Баткенде коңшу өлкөгө аткезчилик жол менен мал өткөрүп жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, күн мурун саат Кыргызстандын 1983-жылы туулган Э.Ф.Т. аттуу жараны болгон Тажикстандын аймагына 2 баш уй жана 1 музоону аткезчилик жол менен өткөрүүгө аракет кылып жатканы аныкталып, чек арачылар тарабынан кармалган.
Бул боюнча учурда мыйзам чегинде тийиштүү иш аракеттер жүрүүдө.
Белгилей кетсек, президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн буйругуна ылайык, Баткен облусунун аймактарында аткезчиликке жол бербөө максатында мобилдик топтор түзүлүп, чек ара аймактары дыкат көзөмөлгө алынган. Жергиликтүү тургундарга аткезчиликке барбоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келет.
Ага карабай мыйзамсыз иш аракеттерге барган жарандарга мыйзам чегинде жоопкерчилик каралганын эскертебиз.