Бишкек,30.01.25./Кабар/. Баткен облусунун алыскы аймактарында беш көмүр базасы курулду.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жылытуу системасын үзгүлтүксүз камсыздоодо көмүр кампаларын куруу зарыл болгондуктан, облустун райондорундагы ӨКМдин 5 бөлүгүндө көмүр сактоочу кампанын курулушу бүткөрүлүп, ишке берилди.
"Максат, Достук, Үч-Коргон, Ак-Сай жана Самаркандек айылдарындагы өрткө каршы куткаруу бөлүктөрүндө көмүр базалары курулуп, чыгымдары башкармалык тарабынан камсыздалды. Ал эми курулуш иштери өздүк курамдын күчү менен жасалды",-деп айтылат маалыматта.