Баткен облусунда мыйзамсыз курулуштардан тазалоо иштери жүргүзүлөт

Аймак Загрузка... 28 Январь 2025
475124744_1154109446082509_69512098889982123_n.jpg
copyright icon президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы

Бишкек, 27.01.25. /Кабар/. 1-февралдан тарта Баткен облусунун аймагын мыйзамсыз курулуштардан тазалоо иш-чаралары башталат.

Президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, иштер негизги көчөлөрдү иретке келтирүү, мыйзамсыз аракеттерге бөгөт коюу, жарандардын коопсуздугун сактоо жана ыңгайлуу шарт түзүү максатында жүргүзүлмөкчү.

Белгилей кетсек, буга чейин кызыл сызык чегинен чыккан мыйзамсыз курулуштарды иретке келтирүү боюнча менчик ээлерине эскертүүлөр берилген. Эскертүүлөргө ылайык, жеке жактар белгиленген мөөнөткө чейин курулмаларды алып, коомдук пайдалануудагы жерлерди бошотуусу зарыл.