Бишкек, 19.02.25. /Кабар/. Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “Кыргызстанда жаратылыш кырсыктарынын тобокелдиктерине туруктуулукту жогорулатуу” (ERIK) долбоорунун алкагында Баткен облусунда 5 мектеп модернизацияланат.
Дүйнөлүк банктын маалыматына ылайык, долбоорго облус аймагындагы Сары-Алтын мектеби, У.Исаков атындагы мектеби, А.Гайдар атындагы мектеби, №22 «Достук» мектеби, № 31 Б.Алыкулов атындагы мектеп катышууда.
Учурда Кадамжай районунун Сары-Алтын айылындагы Сары-Алтын мектебинин жаңы имараттарынын курулушу жүрүүдɵ. Жаңы курулган мектеп жер титирөөлөргө туруштук берет жана электр энергиясын үнөмдүү сарптайт.
Сары-Алтын мектеби 275 окуучуга ылайыкталган. Анда 16 окуу кабинети, 10 даараткана, спорт залы, концерттик зал, ашкана, китепкана, медициналык кабинет, атайын жабдылган физика жана химия кабинеттери каралган. Ошондой эле жаңы мектепке саркынды сууларды тазалоочу курулмалар, пандустар жана лифт орнотулат.
2025-жылы Баткен облусунда У.Исаков атындагы мектептин жана №55 “Достук” мектебинин жаңы имараттарын курулушу башталат.
У.Исаков атындагы мектеп Кадамжай районунун Исфайрам айылында, №55 "Достук" мектеби Кадамжай районунун Көк-Тал айылында жайгашкан.
Жалпысынан долбоордун алкагында Кыргызстанда Дүйнөлүк банктын финансылык колдоосу менен 40 мектеп курулат жана реконструкцияланат.