Укугу бузулган жаранга 6,5 млн сом кенемте өндүрүлдү

Коом 26 август 2026 16:20
Укугу бузулган жаранга 6,5 млн сом кенемте өндүрүлдү

Бишкек, 26.08.26. /Кабар/. Башкы прокуратуранын кийлигишүүсү менен эмгектик укугу бузулган жаранга 6,5 млн сом компенсация төлөндү.

Көзөмөл органынан билдиришкендей, А.С.нын кайрылуусунун негизинде жүргүзүлгөн текшерүүдө финансылык мекемелердин бириндеги өндүрүштүк кырсыкка байланыштуу тиешелүү чаралар өз убагында көрүлбөгөнү аныкталган.

Жаран бир нече жолу тиешелүү кызматка кайрылганына карабастан, жубайынын каза болгондугуна байланыштуу компенсация ала албай келген.

"Прокурордук чара көрүүнүн негизинде анын укугу калыбына келтирилип, II топтогу майыптыгы бар жаранга финансылык мекеме тарабынан 6,5 млн сом төлөндү. Тийиштүү милдеттерин аткарбаган жооптуу кызматкер тартиптик жоопкерчиликке тартылды",-деп айтылат маалыматта.