Талас, 11.09.26 /Кабар/. Талас шаарындагы жаңы ачылган “Баластан” балдарды өнүктүрүү жана оюн-зоок борборунун салтанаттуу ачылышында өзгөчө жана кызыктуу көрүнүш орун алды.
Борбордун робототехника бөлүмүнүн заманбап роботтору мамлекет башчысы Садыр Жапаровго улуттук "Кара жорго" бийин бийлеп беришти.
Заманбап технология менен улуттук каада-салтты айкалыштырган бул өзгөчө номер президент баштаган коноктордун жана жергиликтүү тургундардын өзгөчө купулуна толду.
Майрамдык маанай тартуулаган роботтордун бийи “Баластан” борбору келечекте жаш таланттарды жана инновациялык идеяларды тарбиялоочу башкы жайга айланарын айкын көрсөттү.