Бакыт Төрөбаев жазгы талаа жумуштарынын жүрүшү боюнча кеңешме өткөрдү

Коом 1405 16 Апрель 2025 16:00
photo_5474271853154528178_w.jpg
photo_5474271853154528181_w.jpg
photo_5474271853154528175_w.jpg
photo_5474271853154528174_w.jpg
photo_5474271853154528173_w.jpg
photo_5474271853154528172_w.jpg
photo_5474271853154528172_w (1).jpg
photo_5474271853154528171_w.jpg
photo_5474271853154528171_w (1).jpg
photo_5474271853154528169_w.jpg
Алдыга
Артка
photo_5474271853154528178_w.jpg
photo_5474271853154528181_w.jpg
photo_5474271853154528175_w.jpg
photo_5474271853154528174_w.jpg
photo_5474271853154528173_w.jpg
photo_5474271853154528172_w.jpg
photo_5474271853154528172_w (1).jpg
photo_5474271853154528171_w.jpg
photo_5474271853154528171_w (1).jpg
photo_5474271853154528169_w.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 16.04.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев жазгы талаа жумуштарынын жүрүшү боюнча онлайн кеңешме өткөрдү.

Ведомтводон билдиришкендей, кеңештин жүрүшүндө сугат суусу менен камсыздоо, суу тарифи жана учурдагы көйгөлөрдү чечүү жолдору талкууланды.

Онлайн кеңешмеге министрликтин түзүмдүк жетекчилери, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын башчылары катышып, министр тарабынан бир катар тапшырмалар берилди.

Тактап айтканда, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында жазгы айдап-себүү кампаниясын өз убагында бүтүрүү, дыйкан-фермерлерди бириктирип, кооперативдерди түзүү менен пайдаланылбай жаткан айдоо аянттарын азайтууда донорлорду жана инвесторлорду тартуу милдеттери коюлду.

Ошондой эле сугат суусун сарамжалдуу пайдалануу максатында жамгырлатып, тамчылатып сугарууну киргизүү, гидротехникалык курулмаларды, насостук станцияларды, ички чарбалык каналдардын оңдоп-түзөө боюнча иштерди сапаттуу жүргүзүү, суу тарифи боюнча дыйкан-фермерлер менен түшүндүрүү иштерин алып барууга өзгөчө маани берилди. 

Мындан тышкары, жазгы талаа жумуштарына керектелүүчү күйүүчү-майлоочу майлар, сапаттуу үрөн, жер семирткичтер, биологиялык жана химиялык дары-дармектер жана айыл чарба техникаларынын керектүү тетиктери менен камсыз кылуу боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмалар берилип, чечимдер кабыл алынды.