Бишкек, 01.02.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев өлкөдөгү азык-түлүктөрдүн бааларына байланышкан маселелер боюнча жыйын өткөрдү.
Анда азык-түлүктөргө болгон баалар боюнча комплекстүү чечимдер кабыл алынып, натыйжалуу иштер жүргүзүлүшү керектигин айткан минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев учурда мамлекетте азык-түлүк корунун көлөмү жетиштүү экенин билдирди. Бирок ага карабастан азык-түлүктүн баасын себепсиз көтөрүп жибергендерге катуу чара көрүлөөрүн эскертти.
Азык-түлүк бааларын дыкат көзөмөлгө алуу иштерин жүргүзүү Экономика жана коммерция министрлигине, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрациларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тапшырылды. Эми бул мамлекеттик органдар аймактарда азык-түлүктөрдүн бааларын көзөмөлдөө боюнча атайын ыкчам штабдарды түзөт жана иштин жүрүшү менен президенттин администрациясына отчет берип турат, ошондой эле анын жыйынтыгы менен тиешелүү жетекчилерге баа берилет.
Белгилей кетсек, жыйынга тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери, ошондой эле аймактардагы жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары видеоконференц байланышы аркылуу катышты.
Анда азык-түлүктөрдүн бааларына мониторинг жана анализ жүргүзүү, аларды белгиленген баасында кармап туруу, азык-түлүктөрдүн баасын көтөрүп жиберген сатуучуларга, жеке ишкерлерге чара көрүү, базар бааларын көзөмөлдөө иштеринин жүрүшү талкууланды.
Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы