Бакыт Төрөбаев: Кыргызстанда айыл чарбасына инновациялык технологиялар киргизилет

31 Январь 2025 13:04
679c6e9c44a4a.jpeg
679c6e3a128ac (1).jpeg
679c6f210e4f5.jpeg
679c6f20baa6a.jpeg
679c6f1fe1612.jpeg
679c6f1e71ae8.jpeg
679c6f1dacaf2.jpeg
679c6f1cee203.jpeg
679c6f1c7d6b8.jpeg
679c6f1be4d40.jpeg
679c6f1ad1557.jpeg
679c6f18e9cea.jpeg
679c6f17f0826.jpeg
679c6f02a725c.jpeg
679c6f029b2e4.jpeg
679c6f01458d5.jpeg
679c6f012143d.jpeg
679c6e9d8eb48.jpeg
679c6e9c44a4a.jpeg
679c6e9b38bf1.jpeg
679c6e9a0b6f0.jpeg
679c6e99f32cc.jpeg
679c6e82a9687.jpeg
679c6e80ba40c.jpeg
679c6e6441df1.jpeg
679c6e42d52b1.jpeg
679c6e3a128ac.jpeg
Алдыга
Артка
679c6e9c44a4a.jpeg
679c6e3a128ac (1).jpeg
679c6f210e4f5.jpeg
679c6f20baa6a.jpeg
679c6f1fe1612.jpeg
679c6f1e71ae8.jpeg
679c6f1dacaf2.jpeg
679c6f1cee203.jpeg
679c6f1c7d6b8.jpeg
679c6f1be4d40.jpeg
679c6f1ad1557.jpeg
679c6f18e9cea.jpeg
679c6f17f0826.jpeg
679c6f02a725c.jpeg
679c6f029b2e4.jpeg
679c6f01458d5.jpeg
679c6f012143d.jpeg
679c6e9d8eb48.jpeg
679c6e9c44a4a.jpeg
679c6e9b38bf1.jpeg
679c6e9a0b6f0.jpeg
679c6e99f32cc.jpeg
679c6e82a9687.jpeg
679c6e80ba40c.jpeg
679c6e6441df1.jpeg
679c6e42d52b1.jpeg
679c6e3a128ac.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 30.01.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Бишкек шаарында үч күндөн бери өткөрүлүп жаткан “Агродиалог – 2025” форумунун жыйынтыктоочу күнүндө өлкөнүн агроөнөр жай тармагындагы аткарылган иштери жана алдыдагы пландары тууралуу айтып берди. 

Анда Төрөбаев өлкөнүн ички дүң өндүрүмү туруктуу 9 пайыздык өнүгүүсүнө айыл чарбанын да салмагы чоң экенин айтып, бул үчүн президенттин, жалпы министрлер кабинетинин жана жеке өзүнүн атынан форумга катышкан дыйкан-фермерлерге, окумуштууларга, механизаторлорго, агро-бизнесмендерге, агрохолдинг өкүлдөрүнө, жалпы айыл чарба кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, агроөнөр жай – элди баккан, азык-түлүк коопсуздугу менен камсыз кылган, өлкө экономикасынын өзөктүү тармагы экенин кошумчалады.  

 “Бир жыл ичинде айыл чарбасында жакшы жетишкендиктер жаралды, жыл жемиштүү болду. Айыл чарба продукцияларын өндүрүү 395 млрд сом, же өсүү темпи 106,3 пайызды түздү. Ал эми кайра иштетүүдө 87 млрд сомдук продукция иштетилди, өсүү темпи 120 пайызды түздү. Экспорт жаатында 60ка жакын айыл чарба продукцияларынын түрлөрү дүйнөнүн 70тен ашуун өлкөлөрүнө чыгарылды. Элибиз негизги социалдык маанидеги тамак-аш азыктардын 9 түрүнүн ичинен 6 түрү менен толук камсыз болгонун белгилеп кетким келет”, – деди ал.   

Ошондой эле минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев суу – айыл чарбасынын өзөгү экенин айтып, бул багытта 10 ири инвестициялык долбоор ишке ашырылаарын, 2025-жылы ирригацияга 5 млрд сом каралганын билдирди.   

“Экинчи жагы – климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу айрым жерлерде айдап-себүү структурасын өзгөртүүбүз керек. Дагы бир жагдай – климаттын өзгөрүшүн өзүбүздүн пайдабызга чечсек болот. Суу тартыш аймактарга керектүү продукцияларды өндүрүү менен алардын рынокторун толтурсак болот. Ал үчүн далилдүү экспорт-инфраструктура, соода-логистикалык борборлор, кампалар, сертификат лабораториялары түзүлүп жатат. Инновациялык технологиялар айыл чарбасына активдүү киргизилет. Алдыңкы селекциялык жетишкендиктер, ресурс жана суу үнөмдөөчү технологиялар, кластердик усулдар өндүрүшкө киргизилет”, – деди Төрөбаев.

“Агродиалог – 2025” форумунун жыйынтыктоочу күнүндө минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев президенти Садыр Жапаров кол койгон “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндөгү” жарлыгынын негизинде агроөнөр жай тармагында ийгилик жараткан адамдарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды, ошондой эле министрлер кабинетинин сыйлыктары ыйгарылды.   

Белгилей кетсек, үч күнгө созулган “Агродиалог – 2025” форуму ар тараптуу нукта өткөрүлдү. Эң жогорку түшүм алган, айыл чарбасында чоң кирешелерге чыккан ийгиликтүү адамдар кызыл килем үстүнөн өткөрүлүп, 32 адам “чемпион” деп аталды. Жогорку деңгээлде өткөрүлгөн форумдун катышуучулары – өсүмдүк өстүрүү, мал чарбасы, кайра иштетүү жана экспорт жаатында өздөрүнүн жетишкендиктери менен ой бөлүштү. “B2B” аянтчасында консультациялар уюштурулду, тажрыйба алмашып керектүү маалыматтарга ээ болушуп, кошумча билимдерин жогорулатып, өнөктөштөрдү табышты.