Байге 200 миң сом: Бишкек тууралуу мыкты видеого сынак жарыяланды

Коом 27 августа 2026 11:20
524915494_3500647666745074_4823933795155334949_n.jpg
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 27.08.26. /Кабар/. Бишкек мэриясы шаарды туристтик багытта таанытууга арналган "Бишкекти дүйнөгө тааныт – 2026" аттуу видео жана фотокаталогдор сынагын жарыялады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, сынакка арыздар 27-августтан 27-октябрга чейин кабыл алынат.

Катышуучулар Бишкектин тарыхын, архитектурасын, маданий мурасын, улуттук ашканасын, сейил бактарын, спорттук жана жаштар жашоосун, ошондой эле жаратылыш аймактары менен тоо маршруттарын чагылдыра алышат.

"Бишкек тууралуу мыкты туристтик видеоролик" номинациясынын жеңүүчүсүнө 200 миң сом, ал эми мыкты туристтик фотокаталогдун авторуна 100 миң сом берилет", - деп айтылат маалыматта.