Бишкек, 17.09.26. /Кабар/. Бүгүн, 17-сентябрда Япониянын Нагоя шаарындагы Nagoya Port Garden Pier аймагында XX Азия оюндарына катыша турган делегацияларды расмий тосуп алуу аземи өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чара “Aichi-Nagoya 2026” Азия оюндарынын алкагында уюштурулду. Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстандын делегациясы расмий тааныштырылып, өлкөнүн мамлекеттик желеги көтөрүлдү.
Ошондой эле делегациянын өкүлдөрүнө уюштуруучулар тарабынан эстелик белектер тапшырылды.
Белгилей кетсек, XX Азия оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи 19-сентябрда Япониянын Айти-Нагоя аймагында өтөт.