Аз убакыт аралыгында Кыргызстан энергетикалык кризистен чыгат

Аналитика Загрузка... 27 Январь 2025
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon www
Бактыбек Мамбетов

Бактыбек Мамбетов

Бардык материалдар

Энергетика тармагынын потенциалы чоң, келечеги кең деп Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери айтылып, бирок ошондон бери жыл сайын, өзгөчө кыш мезгилинде, электроэнергиясынын тартыштыгы кайталанып келген. Кыргызстан бул тартыштыкты жоюу үчүн жыл сайын коңшу мамлекеттерден электроэнергияны сатып алат.

Энергетикалык кризис дээрлик эгемендүүлүктүн бардык жылдарында уланып келген. Бул тармактагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн туңгуч президенттин мезгилинде эле ири көлөмдөгү насыялар алынып келген. Бирок, алынган насылар максатуу жумшалбай, бир дагы энергетикалык ири долбоор ишке ашкан эмес. Каражат уурдалып, ошондогу аткаминерлердин чөңтөктөрүнө сиңип кеткен.

Кийинки президент келип кубаттуулугу 120МВт деп айтылып, бирок иш жүзүндө 90 МВтты камтыган Камбар-Ата-2 ГЭСинин курулушун баштоого гана жетишкен.

Албетте, энергетикалык кризис түздөн-түз энергетикалык коопсуздукка таасир этет. Энергетикалык коопсуздукка ээ болуш үчүн энергия өндүрүүнү көбөйткөндөн сырткары, аны үнөмдөгөндү үйрөнүү абзел.

Кыргызстанда жылына дээрлик 15 миллиард кВт/саат электр энергиясы өндүрүлөт. Республикада 7 ири ГЭС иштейт: Токтогул, Күрпсай, Шамалды-Сай, Таш-Көмүр, Үч-Коргон, Камбар-Ата-2 жана Ат-Башы ГЭСтери. ГЭСтин жабдууларынын жалпы эскириши 80%ды түзөт. Ошондой эле кошумча электроэнергия иштеп чыгарган Бишкек жана Ош шаарларында дагы 2 ТЭЦ бар. Алардын 60% эскирген.

Энергетика көйгөйлөрүн биротоло чечкени аракеттер акыркы жылдары жүзөгө аша баштады. Бул тармакты өнүктүрүүгө бүгүнкү саясий-экономикалык абал толук мүмкүнчүлүк берет. Себеби, өлкөдө өнүгүүгө ар дайым бут тосуп келген паракорлук, коррупция деген жат көрүнүштөр ооздукталып жатат. Бүгүн энергетикага келген инвестициялар, сарпталган каражаттар уурдалып кетет деген коркунуч жок.

Ошентип, учурдагы бийликтин аракети менен биринчи этапта эскилиги жеткен жабдууларды алмаштыруу, реконструкциялоо иштери жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө Токтогул ГЭСинин № 1 гидроагрегатын реконструкциялоо иштери ийгиликтүү аяктап, 60 МВт кошумча кубаттуулук ишке киргизилди. Реконструкциялоо иштери 2024-жылдын март айында башталган. Токтогул ГЭСиндеги эскирген жабдууларды жана агрегаттарды алмаштыруусу станциянын иштөө мөөнөтүн ондогон жылдарга узартып, ишенимдүүлүгүн жана өндүрүлгөн кубаттуулугун жогорулатты. Муну менен катар, Күрпсай ГЭСинде №3 гидроагрегатты капиталдык оңдоо иштери аяктап жатат. Өлкөнүн негизги энергетикалык объектилерин толук реконструкциялоо ушул жылдын аягына чейин аяктайт.

Соңку жылдары Кыргызстанда ондогон чакан жана орто ГЭСтер ишке киргизилди. Ошондой эле Кыргызстанда шамалдын күчүн, күндун нурун колдонуп, кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү келечектүү. Анткени алар республиканын ар кайсы жерлеринде курулуп, электр энергиясынын жетишсиздиги көйгөйүн чечүүгө аракеттер жүрүүдө. Албетте, кайра жаралуучу энергия булактары энергетикалык кризистин көйгөйүн жарым-жартылай гана жеңилдете алат.

Мамлекеттин мындан аркы өнүгүүсү көз каранды болгон стратегиялык чөйрөдөгү башка маанилүү объекттерде да модернизация иштери жүргүзүлүүдө. Албетте, Кыргызстан үчүн эң маанилүү болгон долбоор “Камбар-Ата 1” ГЭСинин курулушу башталды.

«Бүгүн биз Борбордук Азиядагы эң ири ГЭСтердин бирин курууну баштайбыз, бул биздин өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздайт. «Камбар-Ата 1” ГЭСин ишке киргизүү Кыргызстанга да, Борбор Азияга да пайда алып келет. Баарына белгилүү болгондой, “Камбар-Ата 1” ГЭСинин курулушу коңшу мамлекеттердин ирригациялык көйгөйлөрүн чечүүгө мүмкүнчүлүк түзүп, аймактагы суу-энергетикалык балансты турукташтырууга өбөлгө түзөт», - деген Садыр Жапаров ГЭСтин курулушун баштоо аземинде.

Жакында эле энергетика тармагы боюнча дагы жагымдуу кабар келди. Евразия өнүктүрүү банкы “Суусамыр-Көкөмерен ГЭСтеринин каскадын куруу” долбооруна финансылык өнөктөш болду.

“130 мегаватт кубаттуулуктагы Суусамыр-Көкөмерен каскады ГЭСинин долбоорун ишке ашыруу Кыргызстандын энергетикалык көз карандысыздыгын чыңдоодо чоң кадам болот. Бул масштабдуу долбоор өлкөнүн электр энергиясына болгон ички керектөөсүн гана камсыз кылбастан, аны региондогу таза энергиянын алдыңкы экспорттоочуларынын бирине айлантып, экономиканы олуттуу түрдө чыңдап, миңдеген жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет», - деп билдирген ошондо Кыргызстандын экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов.

Келишим ишке ашып, Көкөмерен дарыясында ГЭСтер курулуп калса, бул долбоор өлкөдөгү “жашыл экономика” концепциясына ылайык келип, экономиканын өсүшүнө, калктын бакубаттуулугун жогорулатууга салым кошот. Ошол эле учурда айлана-чөйрөгө болгон терс тобокелдиктерди азайтат.

Муну менен Кыргызстан өз кезегинде “жашыл күн тартибине” берилгендигин сактайт жана мүмкүн болушунча көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашырат.

“Бул контекстте энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча ишке ашырылып жаткан долбоорлорду белгилеп кетким келет. Мисалы, коңшу өлкөлөр менен биргеликте аймактагы эң ири гидроэлектростанциялардын бири болгон “Камбар-Ата 1” ГЭСин куруу боюнча долбоору ишке ашырыла баштады. 2023-жылы Кыргызстанда 10 чакан ГЭС ишке киргизилди. Ушул жылы дагы 15 чакан ГЭС куруу, ошондой эле жалпы кубаттуулугу 400 МВттан ашкан күн электростанциялары боюнча долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда.

Климаттын өзгөрүшү шартында суу ресурстарын натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу маселелери өзгөчө актуалдуу болуп жатат. Ушуга байланыштуу өнүгүү боюнча өнөктөштөрүбүздү энергияны жана ресурстарды үнөмдөөчү технологияларды ишке киргизүү боюнча Регионалдык борборду Бишкек шаарында түзүү демилгесин колдоого чакырабыз,”- деген Садыр Жапаров БУУнун климаттык конференциясында.

Эксперттердин айтымында, Кыргызстанда электроэнергияны колдонгон ири жана кичи ишканалар, көп кабаттуу үйлөр, мектеп, бала бакча жана башка имараттар курулуп жаткандыгына байланыштуу электркубаттуулугу тартыш боло берет. Булардын дагы жүйөөлүү себептери бар. Мисалы, кайра жаралуучу энергия булактарын алалы. Шамал ар дайым боло бербейт, күн дагы ар дайым тийе бербейт. Ал эми, дарьялардагы суулар мөңгүлөрдүн ээрип, азайып, жок болуп кеткендиктен соолуп калышы мүмкүн. Ошондуктан, дагы бир альтернативдик энергоресурс бар.

"Мисалы, Кара-Балта шаарына атомдук электр станциясын орнотсо болот. Ал бүтүндөй Чүй облусунун электр энергиясына болгон муктаждыгын камсыздай алат. Ушундай эле экинчи станцияны Кызыл-Кыяга курсак, ал бүткүл Ош облусун камсыздайт. Гидроэнергетикага, шамалга же күн энергиясына гана ишенич жок, ошондуктан эки кичинекей атомдук электр станциясын иштетсе болот”,-деди эксперт.

Атомдук станциялардан кооптонунун кереги жок, себеби дүйнөдө “тынчтык атому” деген түшүнүк бар, анан учурдагы мындай станциялардын коопсуздук жагы жогорку денгээлде корголгон.

Акыркы жылдарда энергетика тармагында чоң өзгөрүүлөр болуп жатканына күбөбүз. Кыргызстанды электр энергиясын импорттобостон, экспорттогон өлкөлөрдүн катарына кошуу үчүн мамлекет энергетика тармагына 2026-жылга чейин өзгөчө кырдаал киргизген. Үч мамлекет биригип сала турган “Камбар-Ата 1” ГЭСинин долбоору бүтүндөй Борбор Азияда боюнча энергетиканын флагманына айланары бышык.

Президент Садыр Жапаров энергетиктерди майрамы менен куттуктоосунда алдыдагы үч жылда Кыргызстанда жаңы технологиялар менен заманбап электр станциялары курулуп, кубаттуулугу жогорулап, энергетикалык көз карандылыктан кутулууга болот деп билдирген.