Августта ШКУ саммитинде экологиялык маселелер көтөрүлөт – Алмаз Мусаев

ШКУ Загрузка... 03 Апрель 2026 15:55
WhatsApp_Image_2026_9O2qbsD.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар

Бишкек, 03.04.26. /Кабар/. Жаратылыш менен экологиянын чек арасы жок болгондуктан, биргелешкен күч-аракеттердин колдоосу астында жыйындын өтүп жатышы Кыргызстан үчүн маанилүү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин айлана-чөйрөнү коргоо боюнча жооптуу министрлик жана мекемелердин жетекчилеринин жетинчи жыйынында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Алмаз Мусаев билдирди.

Анын айтымында, иш-чара ШКУнун 25 жылдыгында Кыргызстанда өтүп жатат.

"Бүгүнкү күндө бул климаттын өзгөрүшү боюнча маалымат жана тажрыйба алмашуу үчүн жакшы аянтчага айланды, ошондуктан биз Кыргызстан тараптан жаратылышты сактоо жана коргоо үчүн биргелешип иштеп, бири-бирибиз менен маалымат алмаша алабыз", - деди Мусаев.

Ошондой эле ал белгилегендей, жолугушуулар жана маалымат алмашуу жетекчилик деңгээлинде гана эмес, эксперттик деңгээлде да жүрүп жатат.

"Бүгүн жаратылышты жана экологияны биргелешип коргоо боюнча жыйындын протоколуна кол коюлат. Мындан тышкары, ушул жылдын август айында ШКУга мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын жыйыны өтөт", - деп кошумчалады министрдин орун басары.