Астанада "Борбор Азия - Кытай" форматындагы транспорт министрлеринин жыйыны өттү

Коом 925 16 Май 2025 12:55
497847986_1003922388583174_2701414340008161182_n.jpg
499270310_1003922091916537_6332181764021257224_n.jpg
497929047_1003922435249836_2406075371591950679_n.jpg
Алдыга
Артка
497847986_1003922388583174_2701414340008161182_n.jpg
499270310_1003922091916537_6332181764021257224_n.jpg
497929047_1003922435249836_2406075371591950679_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 16.05.2025. /Кабар/. Бүгүн транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Астана шаарында өтүп жаткан "Борбор Азия-Кытай" форматындагы транспорт министрлеринин экинчи жыйынына катышты. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Өз сөзүндө министр Сыргабаев Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле 2027-жылы өтө турган "Борбор Азия-Кытай" өлкөлөрүнүн транспорт министрлеринин үчүнчү жолугушуусун Кыргызстанда өткөрүүнү сунуштады.

Жыйындын жүрүшүндө транспорт министрлери Борбор Азия менен Кытайдын ортосунда эл аралык жүк ташууларды ишке ашырууда санариптештирүү жаатында кызматташуу жөнүндө, Кытай менен Борбор Азиянын транспорт ведомстволорунун ортосундагы туруктуу кызматташтыкты бекемдөө боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Белгилей кетсек, аталган жыйын эки жылда бир жолу өткөрүлөт.