Asman Airlines Бишкек — Каракол каттамынын санын көбөйттү

Бизнес Загрузка... 19 Ноябрь 2025 10:28
WhatsApp Image 2025-11-19 at 14.19.48.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 19.11.25. /Кабар/. Asman Airlines Бишкек-Каракол каттамынын санын көбөйттү. Бул тууралуу аталган компаниядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эми Бишкектен Караколго учак жумасына төрт ирет учат.

Каттамдар дүйшөмбү, бейшемби, жума жана жекшемби күндөрү аткарылат.

Билеттер asmanairlines тиркемесинде жана компаниянын сайтында жеткиликтүү.