Аскар Салымбековго "Эмгек Баатыры" артыкчылык даражасы ыйгарылды

Президент Загрузка... 05 Февраль 2025 18:40
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 05.02.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн “Дордой Ассоциациясы” юридикалык жактардын бирикмесинин ардактуу президенти Салымбеков Аскар Мааткабыловичке “Эмгек Баатыры” өзгөчө белгисин тапшыруу менен Кыргыз Республикасынын “Эмгек Баатыры” артыкчылык даражасы ыйгарылды.