Бишкек, 30.01.25. /Кабар/. Бүгүн, 30-январга карата өлкөнүн ашууларында каттам бар, жолдор ачык.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, “Кыргызавтожол-Түштүк” жана "Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан инерттик материалдарды чачуу, тазалоо иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.
Жолчулар атайын кезметке туруп, өзгөчө тайгак тилкелерге күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү жумуштарын аткарып жатышат.
"Кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо менен керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат",-деп айтылат маалыматта.