Арсен Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрынын репертуары

Маданият Загрузка... 11 Февраль 2025 10:31
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon WWW

Бишкек, 11.02.25. /Кабар/. Арсен Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театры көрүүчүлөрдү  спектаклдерди көрүүгө чакырат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, программада үч спектакль бар.

14, 15, 16-февраль, саат 19:00

«Кош дегим келбейт» – Александр Володиндин «С любимыми не расставайтесь» чыгармасынын негизинде коюлган спектакль. Бул чыгарма – сүйүү, коштошуу жана тагдыр тууралуу терең ой жүгүртүү. Баш каармандар кыйын тандоонун алдында турушат. Спектаклдин режиссёру – Уланмырза Карыпбаев.

1739193518.jpeg


21, 22, 23-февраль, саат 19:00

«Манасчы» – Жусуп Мамайдын вариантындагы «Манас» эпосунун негизинде даярдалган драмалык баян. Бул спектакль кыргыз элинин улуу баатырдык тарыхын жана руханий мурасын ачып берет. Койулуш символизмге, сөздүн күчүнө жана байыркы эпостун улуулугуна жышталган. Режиссёру – Шамил Дыйканбаев.

1739193522.jpeg


28-февраль, 1, 2-март, саат 19:00

Мария Ладо «Өтө жөнөкөй окуя» – адамдар менен жаныбарлардын тагдыры айкалышкан сахналык баян. Бул спектакль боорукердик, сүйүү жана жашоонун маңызы тууралуу ойлонууга түрткү берет. Көрөрмандарга түбөлүктүү баалуулуктарды жана күнүмдүк жашоодо унутулуп кала берген жөнөкөй чындыктарды эске салат. Спектаклдин режиссёру – Казакстандын эл артисти Бекпулат Парманов.

1739193525.jpeg

Бардык суроолор жана толук маалымат алуу үчүн төмөнкү телефон номерлерине кайрылсаңыздар болот: +996 (312) 53-04-42, +996 (500) 20-10-67, театрдын кассасы: +996 (500) 201 067.