Бишкек, 07.02.25. / Кабар/. "Джаз-Бишкек-Жаз" эл аралык музыкалык XX фестиваль 25-26-апрелде Бишкекте өтөөрүн уюштуруучулар билдирди.
"Джаз-Бишкек-Жаз" эл аралык фестивалы - жаз мезгилинде күтүлгөн маданий иш-чара.
"Чек арасыз музыка" урааны менен өтүүчү фестивалдын максаты маданий кызматташтык аркылуу элдердин достук жана өз ара түшүнүшүү үчүн көпүрөлөрдү куруу болуп саналат.
Джаз-бул эркин жана чыгармачыл адамдардын музыкасы.
2018-жылдан тарта "Джаз-Бишкек-Жаз" эл аралык фестивалы ЮНЕСКО жарыялаган эл аралык Джаз күнүнө карата (30-апрель) фестивалдардын программасына киргизилген. Буга чейинки өткөрүлгөн 19 фестивалдын алкагында кыргызстандык джаз сүйүүчүлөргө 23 өлкөдөн 176 джаз топтордун чыгармачылыгы тааныштырылган. Ал 23 өлкөнүн катарына төмөнкүлөр кирет: Австрия, Беларусь, Венгрия, Германия, Израиль, Италия, Казакстан, Кыргызстан, Нидерланды, Польша, Россия, АКШ, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия, Өзбекстан, Франция, Швейцария, Эстония, Япония, Португалия, Корея, Испания.
Фестиваль жогоруда аталган күндөрү ар кандай аянттарда өтөт. Учурда маданий иш-чарага катышуу үчүн Франция, Италия, Испания, Австрия, Япония жана Кыргызстандын джаз топтору арыз беришти.
Фестивалдын ачылыш аземи Novotel Bishkek мейманканасында саат 18.00дө башталат. Программага өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.
Мастер-класстарды өткөрүү орду учурда такталууда. Мастер-класска кирүү бардык каалоочулар үчүн акысыз.
Фестивалдын уюштуруучулары: “Терра Паблик” жана “Центральная Азия – Арт Менеджмент” коомдук фонддору.
Билеттерди Ticket.kg. сайтынан сатып алууга болот.
Кошумча суроолор боюнча “Центральная Азия – Арт Менеджмент” коомдук фондунун кеңсесине кайрылуу зарыл. Тел.: +996 770 901 198; e-mail: caam.kg@gmail.com
Иш-чараны маалымдоо каражаттарында чагылдыруу маселеси боюнча төмөнкү телефонго кайрылуу сунушталат.
Чынара Тюлегенова +996 771 52 27 70.