Бишкек, 19.06.25 /Кабар/. Глобалдуу санариптештирүү шартында мамлекеттин маалыматтык инфраструктурасын коргоо негизги артыкчылыктардын бири болуп саналат. Бул тууралуу Чолпон-Атада өтүп жаткан Киберкоопсуздук боюнча биринчи эл аралык конференцияда Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Алексей Шевцов билдирди.
Шевцовдун айтымында, маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын өнүгүү динамикасы улуттук коопсуздукка коркунучтардын көбөйүшүн шарттайт. Ошол эле учурда маалымат чөйрөсүндөгү чакырыктар жана коркунучтар гибриддик мүнөзгө ээ. Социалдык инженерия ыкмаларын жана жасалма интеллект технологияларын колдонуу менен укукка каршы аракеттердин саны өсүүдө. Мамлекеттик органдар, финансылык түзүмдөр, өнөр жай ишканалары жана калктын жашоосун камсыз кылган чөйрө компьютердик чабуулдардын максаты болууда.
"Социалдык-саясий абалды туруксуздаштыруу үчүн "түстүү революциянын" сценарийлерин колдонушууда, анын негизги элементи маалыматтык таасир этүү.
Биздин өлкөлөрдүн укук коргоо орандары "ПРОКСИ" операциясынын алкагында маалыматтык технологиялар чөйрөсүндөгү кылмыштарга каршы туруу үчүн өздөрүнүн күчтөрүн бириктиришти", - деди ал.
Ошондой эле Шевцов белгилегендей, ЖККУга кирген өлкөлөрдүн эксперттери ар түрдүү эл аралык аянтчаларда өз ара активдүү аракеттенишүүдө. Атап айтканда, ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн делегацияларынын биргелешкен иши БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан 2024-жылдын 24-декабрында Киберкылмыштуулукка каршы конвенциянын кабыл алынышына өбөлгө түздү.
"БУУдагы биздин кызматташтыгыбыздын дагы бир маанилүү натыйжасы өткөн жылдын май айында техникалык жана саясий деңгээлдеги компьютердик инциденттер жөнүндө мамлекеттер аралык маалымат алмашуу үчүн байланыш пункттарынын реестрин түзүү процессинин башталгандыгы болду.
Мындан ары дагы ЖККУ мамлекеттери эл аралык маалыматтык коопсуздук системасын түзүүгө олуттуу салымын кошооруна ишенем", - деди ал.
Мындан тышкары, Алексей Шевцов кыргыз тарапка ЖККУ форматында киберкоопсуздук боюнча эл аралык конференция өткөрүү демилгеси үчүн ыраазычылык билдирди.