Ысык-Көл, 05.09.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы 5-11-сентябрга чейин күтүлгөн аба ырайынын божомолу менен бөлүштү.
Ага ылайык,5-сентябрда жана 6-сентябрда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаайт.
6-сентябрда күндүз, 7-сентябрда жана 8-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
8-сентябрда күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.
9-10-сентябрларда жана 11-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
11-сентябрда күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Бул күндөрү Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн абанын температурасы 9…11, күндүзү 12…25 грдуска чейин болот.