Бишкек, 15.05.25. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, өлкөдө эртеңден тарта күндүн табы 40°ка чейин жетилиши күтүлүүдө. Абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 35…40°ка чейин, Талас облусунда 33…38°ка чейин жогорулашы мүмкүн.
Күндүн мындай аптаптуу ысышы сөзсүз түрдө адамдын организмине терс таасирин тийгизбей койбойт. Мындай күндөрү өзгөчө сак болуу талап кылынат. Катуу ысык адамдын ден соолугуна олуттуу зыян тийгизиши мүмкүн.

№7 Үй бүлөлүк медицина борборунун дарыгери Майрам Серкебаеванын айтымында, аптаптуу ысык айрыкча жүрөк-кан тамыр оорулары барлар, улгайган адамдар, кош бойлуулар жана кичинекей балдар үчүн кооптуу учур болуп саналат.
“Мындай учурда күндүн эң ысык маалында – саат 11:00ден 18:00гө чейин сыртка чыкпоо сунушталат. Жеңил, кенен, ачык түстөгү кийим жана баш кийим кийүү зарыл. Ар дайым жетиштүү суу ичип туруу организми суусуздануудан сактоо үчүн маанилүү. Эгер дене табы көтөрүлүп, баш айланып, жүрөк айланып, тер басып, алсыздык байкалса, бул ысык өтүп кеткенинин белгилери болушу мүмкүн. Мындай учурда адамды тезинен салкын жерге алып барып, суу ичирип, зарыл болсо дарыгерге кайрылуу керек. Ошондой эле айыл чарба жана өндүрүш тармагында иштегендердин жумуш графиктери кайра каралып, күндүн ысык маалында эс алуу сунушталат. Мындай алдын алуу чаралары аптаптуу ысыкка байланыштуу терс кесепеттерди азайтууга жардам берет”,-деди ал.

Суюктук ысык аба ырайында болуп көрбөгөндөй маанилүү
Анын көлөмүн көбөйтүүгө аракет кылыңыз. Ысыкта организмде тер күчөгөндүктөн, суунун балансы бузулат, ошондуктан күнүнө 3,5 литрден кем эмес суюктук ичүү керек. Таттуу, газдалган суусундуктарды ичүүгө болбойт, алар чаңкоону кандырбай тескерисинче суусоону күчөтөт. Жөнөкөй суунун ордуна, курамында суу көп жашылча-жемиштерди жесе болот. Алардын жардамы менен организм витаминдердин жана минералдардын кошумча бөлүгүн алат. Ысык көк чай да пайдалуу. Ал жылуулук өткөрүүнү жөнгө салат. Мөмө-жемиш суусундуктарына, ширелерге, минералдык сууларга артыкчылык бериңиз.
Жеңил табигый кездемеден тигилген кийимдерди кийген жакшы
Ачык түстөр күндүн нурун чагылдырса, кара түстөр аны өзүнө сиңирип алат. Терезелерди жарык чыпкасы же кадимки ак кагаз менен чаптаңыз, бул бөлмөдөгү температураны бир нече градуска төмөндөтөт. Суу процедуралары да пайдалуу, колуңузду жана бетиңизди ным сүлгү менен сүртүңүз.

Күндүн нуруна каршы профилактикалык чараларды көрүү маанилүү
Күнгө чыкканда жоолук, панама, шляпа болобу дайыма баш кийим кийүү керек.
Карыларга жана балдарга өзгөчө көңүл буруу зарыл. Алардын организми ысыкты жаш жана орто жаштагыларга караганда оор көтөрөт. Гипертония жана жүрөктүн ишемиялык оорусу, кант диабети, калкан бези, семирүү, онкологиялык оорулары бар, инфаркт же инсульт менен жабыркагандар жайкысын этият болуусу керек.
Эгерде сизде саналып өткөн оорулардын бири болсо, мүмкүн болушунча күндүзү сыртта азыраак болууга аракет кылыңыз жана физикалык көнүгүү менен алек болбоңуз, бакчадагы физикалык күчтү талап кылган иштерди башка убакытка жылдырыңыз.

Ал эми Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Эмгек кодексине ылайык, ысык аба ырайында иш убактысына атайын чектөө каралбагандыгын белгиледи.
Ошол эле учурда, министрлик эмгек мыйзамдарына ылайык, иш берүүчү коопсуз жана ден соолукка зыян келтирбеген эмгек шарттарын камсыз кылууга милдеттүү экенин эскертет. Бул эмгекти коргоо талаптарын сактоону жана өзгөчө жогорку температура шарттарында иштеген кызматкерлердин ден соолугун коргоо боюнча зарыл чараларды көрүүнү камтыйт.
Эгерде эмгек укуктарынын бузулушу же кызматкерлердин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаралган жагдайлар пайда болсо, тиешелүү текшерүүлөрдү жүргүзүү жана колдонуудагы мыйзам чегинде чара көрүү үчүн эмгек инспекция органдарына кайрылуу сунушталат.