"Ала-Тоо Резорттун" ачылышына карата жалган кызмат сунуштагандар көбөйдү

Коом
"Ала-Тоо Резорттун" ачылышына карата жалган кызмат сунуштагандар көбөйдү
copyright icon WWW

Бишкек, 23.11.26. /Кабар/. "Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа курортунун жетекчилиги Жыргаланга баруу үчүн транспорт жана башка кызматтарды сунуштаган текшерилбеген адамдарга акча которбоого чакырды.

Мекеменин маалыматына ылайык, анын салтанаттуу ачылышына карата социалдык тармактарда жана мессенжерлерде сапарды уюштуруу, транспорт жана логистика кызматтарын сунуштаган билдирүүлөр көбөйгөн. Айрымдар кызмат көрсөтүү үчүн алдын ала акча которууну суранышууда.

Жарандарга мындай сунуштардын аныктыгын текшерип, белгисиз адамдардын банктык эсептерине жана телефон номерлерине акча которбоо эскертилди.

Ошондой эле Жыргалаңга өз алдынча барууну пландагандарга тоолуу рельефти, кышкы аба ырайын жана жолдун өзгөчөлүгүн эске алуу сунушталды. Курортко жетүү үчүн өтүмдүүлүгү жогору, төрт дөңгөлөгү тең тарткан унаалар менен баруу сунушталат. Жеңил унаалардын өтүүсү кыйындашы же мүмкүн болбой калышы ыктымал.

Эске салсак, "Ала-Тоо Резорт" курортунун салтанаттуу ачылышы 2026-жылдын 1-декабрында Ысык-Көл облусунун Жыргалаң айылында өтөт.