Айтматовдун ааламы, жаңырган парктар: Аксынын тургуну Таласка суктанды

Аймак 11 сентябрь 2026 14:10
copyright icon Кабар

Диана Айдарова

Бардык материалдар

Талас, 11.09.26. /Кабар/. Эгемендүүлүктүн 35 жылдык мааракесин утурлай Талас жери майрамдык шаңга бөлөнүп, өлкөнүн туш тарабынан келген конокторду тосуп алууда. Облус аймагындагы ачылыштарга Жалал-Абад облусунун Аксы районунан атайын келген тургун Айтегин Шаамамытова да катышып, өзүнүн жүрөк толкуткан сезимдери менен “Кабар” агенттиги менен бөлүштү.

Анын айтымында, Талас шаары калемгер Чыңгыз Айтматовдун улуу ааламын кайрадан жанданткандай таасир калтырат. Шаарда залкар жазуучунун "Эрте келген турналар", "Ак кеме" сыяктуу калк сүйүп окуган чыгармаларына арналган сыйкырдуу аркалар, арт-объекттер жана атайын маданий бурчтар негизделген.

"Биз Таласка жаңы парктардын, ири ачылыштарды өз көзүбүз менен көрүп, маданий салтанатка күбө болуу үчүн келдик. Айрыкча Чыңгыз Айтматовдун "Эрте келген турналар", "Ак кеме" чыгармаларынын саптарынан орун алган жайларды кыдыруу бизге өзгөчө руханий кубат берди", — дейт Аксыдан келген конок.

Айтегин Шаамамытова Талас өрөөнүнүн таза абасына, жаратылышына гана суктанбастан, жергиликтүү калктын меймандостугуна да жогору баа берди.