АКШда миграция саясаты катаалдашты. Мигранттарды кандай тагдыр күтөт?

Аналитика Загрузка... 29 Январь 2025
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon www
Бактыбек Мамбетов

Бактыбек Мамбетов

Бардык материалдар

Американын жаңы президенти Дональд Трамп шайлоочуларга берген убадасын аткарып, кызматка киришер замат мыйзамсыз мигранттарды депортациялоо аракеттерин жүргүзө баштады. Албетте, Дональд Трамп АКШнын жарандарынын кызыкчылыгы үчүн мындай саясатты ишке ашырып жатат. Мигранттардын ордуна өз өлкөсүндө жумуш издеген америкалыктарды иш менен камсыз кылат. Бирок мындай кадам башка маселелерди жаратып жибериши мүмкүн дешет эксперттер.

Мыйзамсыз эмгек мигранттарына өтө аз айлык акы төлөнөт. Ал эми расмий эмес иштегендер үчүн жумуш берүүчүлөр, албетте салык дагы төлөбөйт. Мына ушундай мигранттар америкалыктардан жумуш орундарын алып коюшкан. Эми алардын ордуна жергиликтүү жарандар мыйзамдуу түрдө эмгектенсе, аларга чоң эмгек акы төлөш керек болот.

Бул сыяктуу нерселер Кошмо Штаттарда жумушсуздуктун деңгээлин кыскартууга алып келет. Анткени, мурда мигранттар ээлеген жумушка америкалыктар тартылат. Бирок, мындан улам Америкада өндүрүлгөн товарлардын баасы көтөрүлөт.

Мигранттарды кабыл алган бардык өлкөлөрдө ушундай схемалар иштейт. Мигрантка аз эмгек акы төлөнүп, жумуш берген тарап киреше табат. Жергиликтүү жарандар аз акчага иштегенди каалабайт. Мигранттарды, биздин ордубузду тартып алды деп жек көргөн да ушундан.

Бүгүнкү маалыматтар боюнча АКШда чек ара коопсуздугун жакшыртуу максатында жүргүзүлгөн “мыйзамсыз мигранттарды депортациялоо аракеттеринин” алкагында бир күндө эле 1 миң 179 мыйзамсыз мигрант кармалды деп Anadolu агенттиги АКШнын Иммиграция жана бажы кызматынын маалыматына таянып жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 1 миң 179 адамдын кармалышы, бул АКШ президенти Дональд Трамп кызматка киришкенден бери документи жок мигранттарды кармоо боюнча рекорддук көрсөткүч болду.

Ошол эле учурда кармалган 1 миң 179 адамдын 613ү гана “оор кылмыш жасаган”, калгандары АКШнын чек арасын “мыйзамсыз” өткөндөн башка эч кандай кылмыш жасашкан эмес деп билдирди америкалык NBC News телеканалы.

20-январдагы инаугурациясынан кийин Дональд Трамп АКШда төрөлгөн иммигрант балдарга автоматтык түрдө жарандык берүү жобосу жокко чыгарыларын жарыялаган.

Инаугурация учурунда Трамп чек арадагы мыйзамсыз мигранттардын агымын катаал чаралар менен токтотууну убада кылган.

Ошондой эле, АКШ-Мексика чек арасындагы коопсуздук чараларын күчөтүп, кошумча 1500 аскер жиберүүнү чечти.

Кыргызстандык мигранттардын саны боюнча Россия менен Америка астыда. Россияга кеткен мигранттар көбүнчө кара жумушка иштешет. Ошондуктан, алардын басымдуулугунун жогорку билими жок. Алардын максаты акча гана таап келүү. Кээ бирөөлөрү сезондук жумуштарга гана барышат. Арасында Россияда отурукташып, бизнес ачып, жарандыгын алгандар бар. Бирок Россиянын акыркы миграция саясаты күчөтүлгөндөн кийин ал жака баруу дагы татаалдашып калды. Эмне үчүн деген суроо туулат. Россияга барган мигрант орус тилин, анан да мамлекеттин тарыхын билсе, аны менен катар документтери мыйзамдуу болсо кыйынчылык болбойт деп Кыргызстандын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри дайыма эскертүү жасап келет.

Ал эми Америкага барган кыргызстандыктар башка максаттар менен баргандар. Алардын баары билимдүү, англис тилин атайын курстарда окуп, жакшы билгендер. Башкача айтканда, өз мекениндеги айлык акы, жашоо шарттарга алымсынбай, жогорку план койгондор, амбициялуу кыялдары бар жаштар. Ошондуктан, алардын көбү АКШда ийгилик жаратып, компанияларды ачып, кыялдарына жеткендер. Ресторан, поликлиника ачкан кыргыздар жөнүндө угуп, көрүп жүрбөйбүзбү. Арасында американын ири компанияларында иштегендер бар. Эң эле жок дегенде, такси, трак айдашат.

Албетте, булардын баары мыйзам сыйлаган адамдар,ошол себептүү мыйзамсыз мигранттарга алар кирбейт. Демек, алар үчүн Трамптын саясаты эч кандай коркунуч алып келбейт. Бир гана тынчсызданууну жараткандар, бул Мексика, жана башка өлкөлөр аркылуу мыйзамсыз баргандар.

Коопсуздук боюнча эксперт Эдил Марлис уулу Америка бийлигинин максаттуу аракеттеринен улам мыйзамсыз иммигранттар эч кандай жеңилдиктерди күтпөшү керек деп эсептейт. Ошол эле учурда, ал бул жагдайды жөнсүз драмалаштыруу да жарабайт деп эсептейт.

"Албетте, Трамп акырына чейин барат. Мыйзамсыз миграцияга каршы күрөш анын шайлоо алдындагы программасынын негизги пункттарынын бири болгон, азыр ички саясаттын приоритеттүү маселеси. Жакынкы бир жыл ичинде АКШда мыйзамсыз жүргөндөр үчүн кыйын болот. Тиешелүү документтери жок табылган адам депортацияланат, эгер мигрант Америкада көп убакыттан бери мыйзамсыз жүргөн болсо, мыйзамдаштыруу аракети натыйжалуу болобу, же жокпу аны айтуу кыйын. Алар акыркы келген жерине кайра жөнөтүлөт.

АКШда Кыргызстандан канча мыйзамсыз иммигрант бар экенин эч ким билбейт. 128 миң деген көрсөткүч бар дешет. Бирок мага бул сан абдан апыртылгандай сезилет. Мен бирөөлөрдү депортацияга кабылды дешсе аны трагедия көрбөйм. Биринчиден, биз өзүбүздүн жарандарыбызды таштабайбыз, мекенине кайтууну каалагандарга биздин бийлик жардам берет. Бөтөн жерде мыйзамсыз абалга кабылып, кыйынчылыктарды башынан өткөргөнгө караганда, өз мекенине кайтып келүү оң болот.

Азыр Кыргызстанда деле чоң ийгиликтерге жетип, долбоорлорду ишке ашырып, миллионер болсо болот. Бүгүнкү күндө бизде да жакшы айлыктар бар. Ишкерлик кылганы, өскөнү, кызматта көтөрүлгөнгө мүмкүнчүлүктөр бар. Башка мамлекеттерде кандай процесстер болуп жатканын көрүп жатабыз. Европадагы маанайга көңүл бурсак, миграция саясаты жыл сайын күчөйт. Андыктан мекенге кайтып, өзүңдүн жериңде изденип, өнүгүп, өссө болот”,-дейт Эдил Марлис уулу.

Учурда кыргызстандыктар дүйнөнүн ар кайсы булуң-бурчунда эмгектенип жүрүшөт. Көбү мыкты ийгиликтерге жеткен. Чет жакта жүргөн кыргыздардын диаспоралары абдан ынтымактуу дешет. Албетте, алардын көбү башка жерден чоң тажрыйба топтоп, кайра мекенине кайтып келишет.