Бишкек, 29.01.25. /Кабар/. АКШда чек ара коопсуздугун жакшыртуу максатында жүргүзүлгөн “мыйзамсыз мигранттарды депортациялоо аракеттеринин” алкагында бир күндө эле 1 миң 179 мыйзамсыз мигрант кармалды. Бул тууралуу Anadolu агенттиги АКШнын Иммиграция жана бажы кызматынын (ICE) маалыматына таянуу менен жазды.
Маалыматка ылайык, ICE кызматкерлери 1 миң 179 адамды кармашты, бул АКШ президенти Дональд Трамп кызматка киришкенден бери документи жок мигранттарды кармоо боюнча рекорддук көрсөткүч болду.
Ошол эле учурда америкалык NBC News телеканалы кармалган 1 миң 179 адамдын 613ү гана “оор кылмыш жасаган”, калгандары АКШнын чек арасын “мыйзамсыз” өткөндөн башка эч кандай кылмыш жасашкан эмес деп билдирди.
20-январдагы инаугурациясынан кийин Дональд Трамп АКШда төрөлгөн иммигрант балдарга автоматтык түрдө жарандык берүү жобосу жокко чыгарыларын жарыялаган.
Ал белгилегендей, Конституцияга бул укук берген 14-түзөтүүнү кайра карап чыгуу керек.
Инаугурация учурунда Трамп чек арадагы мыйзамсыз мигранттардын агымын катаал чаралар менен токтотууну убада кылган.
Ак үйдүн башчысы ошондой эле өлкөгө мыйзамдуу миграцияга уруксат берген "CBP One" деп аталган тиркеменин жокко чыгарылганын жарыялады.
Мындан тышкары, президент Трамп АКШ-Мексика чек арасындагы коопсуздук чараларын күчөтүү боюнча жаңы буйрукка кол койду, ошондой эле чек арага кошумча 1500 аскер жиберүүнү чечти.
Ошол эле учурда, президенттин Администрациясы бир нече федералдык агенттиктерге, анын ичинде Баңгизаттарды көзөмөлдөө башкармалыгына (DEA), спирт ичимдиктери, тамеки, ок атуучу куралдар жана жардыргыч заттар бюросу (ATF) жана Юстиция министрлигинин алдындагы федералдык укук коргоо органына (USMS) мигранттарды депортациялоо аракеттерин күчөтүү үчүн кеңири ыйгарым укуктарды берди.