АКШ Индияга мыйзамсыз мигранттарды учак менен жөнөттү

Дүйнө Загрузка... 04 Февраль 2025 09:30
WhatsApp Image 2025-02-04 at 06.32.07.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 04.02.25. /Кабар/. АКШ Индияга мыйзамсыз мигранттарды учак менен жөнөттү. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.

Маалыматта айтылгандай, мигранттарды ташууга аскердик-транспорттук учактар колдонулган.

Буга чейин АКШ ушул эле учактар менен мыйзамсыз мигранттарды Гватемала, Перу жана Гондураска жеткирген.

Мигранттарды өлкөсүнө жеткирүүгө көп акча каражаты сарпталып жатканы айтылууда. Мисалы, Гватемалага мигранттарды депортация кылууда бир кишиге болжол менен 4,7 миң доллардын тегерегинде каражат сарпталган.

Эске салсак, АКШда мыйзамсыз жүргөн мигранттарды өлкөлөрүнө чыгаруу иштери январь айынын аягында башталары кабарланган эле.