Бишкек, 13.03.26. /Кабар/. "Айыл Банк" мамлекеттик программалардын алкагында айыл чарба тармагын өнүктүрүү үчүн 2 млрд сомдон ашык каражат бөлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Фермерлерге жеңилдетилген шартта берилип жаткан каржылоо үч негизги багытка бөлүнөт:
1. "Айыл чарбасын каржылоо – 12" долбоору
Бул программанын жалпы бюджети 1 млрд 224 млн сомду түзөт.
- Мал чарбасы жана өсүмдүк өстүрүүгө: 1 млн сомго чейин;
- Сууну үнөмдөөчү технологияларга (тамчылатып сугаруу ж.б.): 3 млн сомго чейин насыя берилет.
2. "Агроөнөр жай комплексин каржылоо" долбоору
Долбоордун бюджети 227,6 млн сом. Бул багыт ири өндүрүшчүлөрдү колдоого багытталган:
- Фермерлерге: 5 млн сомго чейин;
- Агрегаторлорго (продукцияны топтоп, кайра иштетүүчүлөргө): 300 млн сомго чейин каржылоо каралган.
3. "Асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү" долбоору
Малдын сапатын жакшыртуу үчүн 616 млн сом бөлүнгөн.
- Асыл тукум чарбаларга жана импорттоочуларга: 20 млн сомго чейин;
- Асыл тукум уйларды сатып алууга: 20 млн сомго чейин;
- Жасалма уруктандыруу адистерине: 2 млн сомго чейин колдоо көрсөтүлөт.
Министрликтен белгилешкендей, бул долбоорлор айыл чарбасын модернизациялоого, жаңы технологияларды киргизүүгө жана өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүүгө багытталган. "Айыл Банк" бул багытта мамлекеттик программалардын негизги оператору катары фермерлер үчүн жеткиликтүү кызматтарды сунуштап келет.