Бишкек, 27.01.25. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Быйыл Чыңгыз Айтматов проспектисин бойлото 50 жылдан ашык өскөн эски дарактардын ордуна жаңы көчөттөр отургузулат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев мэриянын коллегиясында билдирди.
Анын айтымында, эски бак-дарактар чирип, айдоочуларга жана жөө жүргүнчүлөргө коркунуч жаратып баштады. Бул аймакка эми клен көчөттөрү отургузулуп, жашыл зоналар жакшыртылып, веложол курулат.
"Мындан тышкары, Аламүдүн жана Ала-Арча дарыяларынын узундугу 13 жана 14 чакырымдан ашкан нугун тазалоо иштери жүргүзүлөт. Бул дарыялар 30 жылдан ашык убакыттан бери тазаланган эмес. Дарыялардын айрым участокторунда бул долбоорго инвестиция салууну каалаган инвесторлор үчүн эс алуу зоналары иштелип чыгат жана түзүлөт.
Көптөгөн фонтандар эскирип, иштебей калган. Бул маселени чечүү үчүн быйыл 22 фонтан реконструкцияланат", - деп белгиледи мэр.