Бишкек, 28.01.25. /Чолпон Жумалиева – Кабар/. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун тургуну, алма өстүргөн багбан Нурсултан Уланбек уулу “АгроДиалог 2025” агроөнөр жай форумунун жүрүшүндө жер иштетүүдөгү дыйкандардын 10 катасын атады.
Анын айтымында, дыйкандардын эң биринчи катасы өстүрүлүүчү өсүмдүккө туура эмес жер тандоо. Экинчиден туура эмес стратегия, технология жана туура эмес сорт тандап алуу. Кийинкиси туура эмес агротехниканы колдонуу менен түшүмдү терүүдө жана сактоодо кетирген кемчиликтер эсептелет.
"Өстүргөн жашылча-жемиштерибиздин өтүмдүүлүгүн арттыруу үчүн кардарларды өзүнө тарта тургандай кылып таңгактап сатышыбыз керек. Таңгакталбай, товардык көрүнүшү начар болсо, өтүмдүүлүгү да төмөн болот" ,- деди Нурсултан Уланбек уулу.
Ошондой эле ал маркетингдин жоктугу жана дыйкандардын тиешелүү айыл чарба багытында билиминин жетишсиздиги багбандардын кемчилиги экени кошумчалады.