Бишкек, 28.01.25. /Чолпон Жумалиева – Кабар/. Бишкекте өтүп жаткан “АгроДиалог 2025” агроөнөр жай форумунун биринчи күнүндө республикадагы өсүмдүк өстүрүү тармагындагы 16 алдыңкы дыйкандар аныкталып, өз тажрыйбалары менен бөлүшүүдө.
Өсүмдүк өстүрүү жана багбанчылык боюнча өлкө райондорунан келген алдыңкы дыйкандар:
- Москва районунан келген буудай өстүрүүдө алдыңкы көрсөткүчкө жетишкен дыйкан Алексей Анисимов.
- Жүгөрү өстүрүүдө алдыңкы түшүм алган Сокулук районунан келген дыйкан Нияз Даврушев.
- Күрүч өстүрүүдө жогорку көрсөткүчкө жетишкен Өзгөн районунан келген дыйкан Канатбек Маматов.
- Арпа өстүрүүнүн алдыңкысы Ак-Суу районунан келген дыйкан Марс Канаев.
- Картошкадан жогорку түшүм алган Тоң районунун дыйканы Азамат Касеев.
- Кант кызылчасынан жогоку түшүм алган Чүй районунун дыйканы Жумабек Наматбеков.
- Сабиз өстүрүүдөн жогорку түшүм алган Москва районунун дыйканы Талант Шамеев.
- Калемпир өстүрүп жогорку түшүм алууга жетишкен Сокулук районунун дыйканы Байноб Пиров.
- Алмадан жогорку түшүм алган Ысык-Көл районунун дыйканы Уланбек уулу Нурсултан.
- Алча (Гилас) өстүрүп жогорку түшүм алган Жети-Өгүз районунун дыйканы Жыргалбек Маджиков.
- Өрүк өстүрүп ийгилик жараткан Лейлек районунун дыйканы Кабыл Эргашев.
- Чычырканак өстүрүп жогорку түшүм алган Жети-Өгүз району Таалай Окенов.
- Кулпунай өстүрүп жогорку көрсөткүчтө түшүм алган Ысык-Көл районунун дыйканы Нурбек Отогонов.
- Малина өстүрүп ийгилик жараткан Ысык-Көл районунун дыйканы Аблес Жаныбеков.
- Ежемалина эгип, жогорку деңгээлде түшүм алүүга жетишкен Аламүдүн районунун дыйканы Руслан Минбаев.
- Карагат тигип ийгиликке жетишкен Ысык-Көл районунун дыйканы Чыныбек Жылкыбаев.
Белгилей кетсек, форум дан эгиндери, техникалык өсүмдүктөр, жемиштер, жер-жемиштер боюнча тажрыйба бөлүшүү максатын көздөйт.
Эске салсак, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан республикадагы өсүмдүк өстүрүү тармагында жогорку түшүмдүү сортторду өстүрүп, жакшы көрсөткүчтөргө жана экономикалык жетишкендиктерге жеткен дыйкандарды мотивациялоо, алардын тажрыйбасын жайылтуу жана фермерлерге үлгү көрсөтүү максатында уюштурулууда.