Бишкек, 29.01.25. /Кабар/. К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде өтүп жаткан “АгроДиалог 2025” агроөнөр жай форумда республика боюнча мал чарбачылыгы менен алектенген фермерлер мал багуу, сүт, эт багытындагы тукумда мал өстүрүү, киреше табуу сырлары жана тажрыйбалары менен бөлүшүүдө.
Өлкөбүздүн бардык облустарынан келген мал чарбачылыгы менен алектенген алдыңкы фермерлерге өзгөчө сүт багытындагы асыл тукум уйларды багуу боюнча көп суроолор берилүүдө. Анткени, учурда фермерлер ишкерликтин бир түрү катары сүттү жана этти көп берген тукумдагы уйларды багуу менен киреше табууну өздөштүрүшүүдө.
Форумга Ысык-Ата районунан келген “Крепость” дыйкан-фермердик чарбасынын жетекчиси Михаил Зуев жогорку продуктивдүү голштин породасындагы уйларды багып, бир күндө орточо эсеп менен ар бир уйдан 25 литрден 5 пайыздагы майлуулукта сүт алат.
“Биз уйларды Дания, Германиядан элита бодо малы катары тандап алып келгенбиз. Учурда чарбада голштино-фриз породасындагы 40 уй, 43 баш музоо бар. Чарбада заманбап респонденттик үйүрдү көзөмөлдөө системасын колдонобуз. Система реалдуу убакыт режиминде иштеп, уйлардын физикалык абалын, куут фазаларын, рацион жана тамактануу деңгээлин аныктап турат”,- дейт Михаил Зуев.
Ал эми Ак-Талаа районунан келген фермер Ханзат Таалайбек уулу ангус породасындагы уйдан 1 тоннага чейин эт аларын билдирди.
“Төрт жылдан бери асыл тукум мал чарбачылыгы менен алектенип келем жана бул бир топ кирешелүү чарбачылык багыт деп эсептейм. Бир баш ангус породасындагы уйдан 3 жылда 1 тоннага чейин эт алса болот. Ал эми жөнөкөй тукумдагы уйлар 1 жылда 130-150 кг эт берсе, асыл тукум уйлар 600-700 кг эт берет. Азыркы учурда бизде 40 баш асыл тукум мал жандык бар. Алдыда алардын санын 350 башка жеткирүүнү пландап жатабыз”,- дейт фермер.
Ошондой эле Сокулук районунан келген чарбакер Женишбек Норузбаев эт багытындагы герефорд жана галловей породаларындагы уйларды багып, өткөн жылы бир жаш букадан 300 кг таза эт алганын маалымдады.
Эскерте кетсек, Бишкекте өтүп жаткан “АгроДиалог 2025” агроөнөр жай форумунун биринчи күнүндө өсүмдүк өстүрүү жана багбанчылык боюнча өлкө аймактарынан келген алдыңкы дыйкандар өз тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Форумдун максаты дыйкан-фермерлерди мотивациялоо, алардын тажрыйбасын жайылтуу жана аларга жаңы ыкмаларды көрсөтүү.