Бишкек, 28.01.25. /Чолпон Жумалиева – Кабар/. Дан эгиндерин өстүрүүдө республикадагы орточо түшүмдүүлүктөн жогорку көрсөткүчтө түшүм алган алдыңкы дыйкандардын жетишкендиктери “АгроДиалог 2025” агроөнөр жай форумунда маалымдалды.
Белгилей кетсек, Чүй облусунун Москва районунун фермери Алексей Анисимов 150 гектар аянтка буудай эгип, анын ичинен “Алексеич” сортундагы буудайдын гектарынан 86,0 центнер түшүм алган. Ал эми республикадагы орточо түшүмдүүлүк гектарына 27,7 центнерди түзөт.
Ал эми Сокулук районунун фермери Нияз Даврушев 40 жылдан бери дыйканчылык менен алектенип келет. Жылына 10 гектарга чейин “Октябрь 70” сортундагы жүгөрү айдап, 1 гектарынан 160,0 центнер түшүм жыйнап келет. Негизи республикадагы жүгөрүнүн орточо түшүмдүүлүгү гектарына 72,2 центнерди түзөт.
Белгилүү Өзгөн күрүчүн эккен Ош облусунун Өзгөн районунун фермери Канатбек Маматов 2011-жылдан бери дыйканчылык менен алектенет. 2024-жылы сепме жолу менен 1 гектар жер аянтынан 35,0 центнер күрүч алып, тикме жолу менен 50,0 центнер түшүм алган. Күрүчтүн учурдагы орточо түшүмдүүлүгү гектарына 38,0 центнерден айланып келет.
Арпа өстүрүүдө алдыга чыккан Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун фермери Марс Канаев 2024-жылы гектарынан 50,0 центнерге чейин тушүм алууга жетишти. Ал эми республикадагы арпанын орточо түшүмдүүлүгү гектарына 24,7 центнерден болууда.
Эске салсак, Бишкектеги К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде “АгроДиалог 2025” агроөнөр жай форуму өтүүдө. Мында дыйкан-фермерлер өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, дыйканчылыкка байланыштуу жаңы ыкмаларды өздөштүрүшүүдө.