Аэропортко бара турган альтернативдүү жол Профсоюзная көчөсүнө чейин созулат— мэр

Коом Загрузка... 19 Январь 2026 13:20
copyright icon Кабар

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 19.01.26. /Кабар/. “Манас” аэропортуна барчу альтернативдүү жол Профсоюзная көчөсүнө чейин созулат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев билдирди.

Ал белгилегендей, долбоорго шаар тургундарынын Профсоюзная көчөсүн оңдоо иштери да киргизилди.

“Манас” аэропортуна барчу жолдун жүктөмүн азайтуу үчүн альтернативдүү жол курулат. Аталган жол Профсоюзная көчөсүнө чейин барат. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин катышуусунда жерди кыдыруу да болду. Мен анда элдин Профсоюзная көчөсү салынбай жатат деген пикирлерин да айттым. Эми Профсоюзная көчөсү да оңдолмой болду. Бул жолдорду Транспорт министрлиги салат. Учурда долбоорлоо иштери бүтүп, жалпы сметасы чыгарылып жатат. Төрт тилкелүү жаңы жол “Манас” аэропортуна бараткан жолго параллелдүү болот. Ал жаңы “Ош” базарга жана автобекетке кирип-чыккан унааларга да ыңгайлуу шарттарды түзөт”, - деди Айбек Жунушалиев.