Адылбек Касымалиев АКШ элчиси Лесли Вигери менен актуалдуу маселелерди талкуулады

Министрлер кабинети Загрузка... 05 Февраль 2025 17:10
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 05.02.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигерини кабыл алды.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу мамилелердин негизги аспектилерин, анын ичинде соода-экономикалык байланыштарды тереңдетүүнүн келечегин талкуулашты.

Тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө эки тараптын тең кызыкчылыгын ырастап, банктар аралык мамилелерди өнүктүрүүнүн жана стратегиялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн америкалык консалтингдик компаниялар менен анын ичинде IT, тоо-кен өндүрүшү, энергетика, авиация жана темир жол транспорту чөйрөлөрүндө кызматташууну стимулдаштыруунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Адылбек Касымалиев эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди натыйжалуу чечүү үчүн элчи Вигери менен мындан аркы жемиштүү кызматташууга ишеним билдирди.

Элчи Лесли Вигери өз кезегинде АКШ Кыргызстан менен ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө умтулаарын ырастады.

Жолугушуунун соңунда тараптар эки тарапты кызыктырган бардык маселелер боюнча ачык жана конструктивдүү диалогду улантууга даяр экендиктерин билдиришти.