Адилет Орозбеков БУУӨПтүн жыйынына катышты

Коом
Адилет Орозбеков БУУӨПтүн жыйынына катышты
Адилет Орозбеков БУУӨПтүн жыйынына катышты
Адилет Орозбеков БУУӨПтүн жыйынына катышты
Алдыга
Артка
Адилет Орозбеков БУУӨПтүн жыйынына катышты
Адилет Орозбеков БУУӨПтүн жыйынына катышты
Адилет Орозбеков БУУӨПтүн жыйынына катышты
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 19.11.26. /Кабар/. Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков бүгүн БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы Өлкөлүк программалык комитетинин жыйынына катышты.

Жыйынга ошондой эле Тышкы иштер министрлигинин жетекчилиги, тиешелүү мамлекеттик органдардын башчылары, ошондой эле академиялык жана эксперттик чөйрөлөрдүн, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Адилет Орозбеков өз сөзүндө улуттук коопсуздук жана туруктуу өнүгүү маселелери Кыргызстандын мамлекеттик саясатынын өз ара байланышкан жана ажырагыс бөлүктөрү экенин белгиледи.

Азыркы учурдагы чакырыктар менен коркунучтар жөн гана кесепеттерге каршы чараларды көрүүнү эмес, алардын алдын алуунун натыйжалуу механизмдерин түзүүнү, мамлекеттин институционалдык туруктуулугун бекемдөөнү, ошондой эле мамлекеттик органдардын пайда болуп жаткан тобокелдиктерди өз убагында аныктоо жана зыянсыздандыруу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу боюнча комплекстүү мамилени талап кылат.

БУУнун Өнүктүрүү программасынын Өлкөлүк программалык комитетинин жыйынынын жыйынтыгында, мурда ишке ашырылган долбоорлор жогору бааланып, алдыдагы жылдарга карата кызматташуунун негизги артыкчылыктуу багыттары аныкталды.