Бишкек, 23.10.26. /Кабар/. Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин директору Элчибек Жантаев ”Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” долбоорунун алкагында Сокулук районуна караштуу Гавриловка айыл өкмөтүнүн ишмердүүлүгү менен таанышты.
Иш сапардын жүрүшүндө айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жер жана кыймылсыз мүлк боюнча маалыматтарды санариптик системага өткөрүүнүн артыкчылыктары тууралуу айтып беришти. Санариптештирүү маалыматтарды системалаштырууга жана күнүмдүк иш процесстерин жеңилдетүүгө шарт түзүп жатканы белгиленди.
Ошондой эле айыл аймагындагы таза суу менен камсыздоо, таштанды чыгаруу жана жолдорго байланыштуу маселелер боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилди. Жергиликтүү бийликтин калктын көйгөйлөрүн чечүү багытындагы ишмердүүлүгүнө да көңүл бурулду.
Мындан тышкары, Элчибек Жантаевге айыл өкмөтүнүн карамагындагы атайын техникалар көрсөтүлдү.