Ачык кабинет: Элчибек Жантаев иш күнүн радиого маек берүүдөн баштады

Коом
Ачык кабинет: Элчибек Жантаев иш күнүн радиого маек берүүдөн баштады
copyright icon Мамлекеттик кызмат агенттиги

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 23.10.26. /Кабар/. Бүгүн Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин директору Элчибек Жантаев “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” долбоорунун экинчи этабынын алкагында журналисттерге бир күндүк иш тартибин көрсөтүүдө.

Анын иш күнү “Биринчи радионун” түз эфиринде маек берүү менен башталды. Анда ал агенттиктин ишмердүүлүгү, аткарылган иштер жана алдыдагы пландар тууралуу айтып, суроолорго жооп берди.

Белгилей кетсек, “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” долбоору мамлекеттик жана муниципалдык органдардын ишмердүүлүгүн, аткарылып жаткан иштерин жана келечектеги пландарын коомчулукка ачык көрсөтүүгө багытталган.