АӨБ быйыл Кыргызстанда экономикалык өсүш басаңдайт деп болжолдоодо

Экономика Загрузка... 09 Апрель 2025 12:00
------2025-02-18T09.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 09.04.25./Кабар/. Азия өнүктүрүү банкы 2025-2026-жылдары Кыргызстанда экономикалык өсүш басаңдайт, бирок ал жогорку деңгээлде кала берет деп болжолдоодо.

Банктын Кыргызстандагы өкүлү Гүлнур Керимкулованын айтымында, 2024-жылы өсүү темпи министрлер кабинетинин экономикалык активдүүлүктү стимулдаштыруу, инфраструктураны жакшыртуу жана жеке керектөөнүн өсүшүнө багытталган чараларынын аркасында сакталган.

Божомолдор боюнча, 2025-2026-жылдары өсүү темпи басаңдашы мүмкүн, бирок уланып жаткан инвестициялардын эсебинен жогорку деңгээлде сакталат.

"Инфляция суроо-талаптын өсүшүнүн, коммуналдык кызматтардын тарифтеринин жогорулашынын жана валюталардын мүмкүн болуучу нарксыздануусунун фонунда өсөт. Өсүштүн жогорку темпин сактоо үчүн Кыргызстан комплекстүү структуралык реформаларды жүргүзүү аркылуу жеке секторго багытталган өсүшкө өтүшү керек", - деди ал.