30-мартта Орозо айт намазы өлкө аймагындагы мечиттерде окулат

Коом Загрузка... 28 Март 2025 14:45
775a6388-5be6-4ae7-ae21-e589b78b5146.jpeg
copyright icon www

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 28.03.25. /Кабар/. Кыргызстанда 30-мартта Орозо айт майрамы белгиленет.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан маалымдашкандай, бул күнү Орозо айт намазы өлкө аймагындагы жума мечиттерде окулат.

Айт намаздын программасы:

Мечиттерге чогулуу саат 06:15те башталып, 07:30га чейин баяндар айтылат. Саат 07:30да Орозо айт намазы окулат.