№244 кичи автобустун багыты өзгөртүлдү

Коом Загрузка... 17 Апрель 2026 17:22
56c40bc7fd7cd6c37c911f7ad729d20b_XL.jpg
copyright icon www

Бишкек, 17.04.26. /Кабар/. №244 кичи автобустун жүрүү схемасына өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, буга чейин аталган маршрут Осмонкул, Күрөңкеев, Баялинов көчөлөрү аркылуу өтүп, Жаш Гвардия бульварын, Жибек Жолу проспектисин, ошондой эле Кулиев, Рыскулов, Фучик жана Коммунаров көчөлөрүн камтып келген.

Киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, №244 маршрут эми жүргүнчүлөрдү Рухий-Мурас жаңы конушунан Курманжан датка көчөсү менен Жибек Жолу проспектисинин кесилишине чейин тейлейт.