2025-жылы мектептерди окуу китептери менен камсыздоого 744 млн сом каралды

Билим Загрузка... 12 Март 2025 12:10
WhatsApp Image 2025-03-12 at 09.09.07.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 12.03.25. /Кабар/. 2025-жылы мектептерди окуу китептери менен камсыздоого 744 млн сом каралды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ал белгилегендей, 2024-жылы 738 миң 670 нуска китеп басылып чыкты. Бул үчүн 304 млн сом бөлүнгөн.

“Буга чейин окуу китептери менен камсыздоого 50 млн, 100 млн сом эле берилчү. Быйыл болсо республикалык бюджеттин эсебенинен 744 млн сом окуу китептерине караштырып бердиңиздер. Мындан сырткары, өкмөт жетекчилиги жок эле дегенде кошумча 1 млрд сом башка булактардан караштырып жатат”, - деди Эдил Байсалов.