Бишкек, 27.01.25. /Мээрим Дүйшөналиева — Кабар/. Быйыл борбор калаада бир катар социалдык объектилерде курулуш иштери жүрөт.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев мэриянын коллегиясында курулуш тармагында аткарыла турган пландарды атады:
- 5 мектепке чейинки билим берүү мекемесин куруу жана реконструкциялоо пландаштырылууда;
- республикалык бюджеттен каржыланган Ак-Бата конушундагы 660 орундуу мектептин курулушу бүткөрүлөт;
- Көк-Жар конушундагы №88 орто мектепке кошумча имаратты куруу иштери башталат;
- 55 билим берүү мекемесинин имараты оңдолот.
Мындан тышкары, бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен (Сауд Аравия өнүктүрүү фонду) 5 мектеп жана 7 имарат куруу пландалууда. Тиешелүү келишимдерге кол коюлду.
Ири долбоорлордун алкагында көп функционалдуу "Алга" стадионунун курулушу толугу менен бүткөрүлөт. Бул стадион ФИФАнын талаптарына ылайык курулуп жатат.
Д.Өмүрзаков атындагы стадиондун 5 миң орундуу кичи аренасын куруу иштери аяктайт.
"Ак-Кула" ипподромунун ордунда март айында заманбап турак жай жана бизнес комплексин куруу пландалууда. Мындан тышкары, 3 мектеп, 3 бала бакча жана ички жол инфраструктурасы салынып, муниципалитеттин карамагына өткөрүлөт.