Бишкек, 11.02.26. /Кабар/. 2025-жылы 459,7 млрд сомдук айыл чарба продукциялары өндүрүлдү. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Министрдин айтымында, бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу 62,9 млрд сомго көп.
“2025-жыл айыл чарба тармагында ийгиликтүү көрсөткүчтөр менен жыйынтыкталды. Айыл чарба продукциялары 459,7 млрд сомго өндүрүлүп, 2024-жылга салыштырмалуу 62,9 млрд сомго көп болуп, өсүү темпи 102,2 пайызды түздү. Кайра иштетүү продукциялары 104,7 млрд сомго өндүрүлүп, 2024-жылга караганда, 16,2 млрд сомго көп. Ал эми өсүү темпи 130%га жетти”, - деди Төрөбаев.