2024-жылы прокурордук акты келтирүүдөн мамлекетке 23 млрд сом өндүрүлдү

Коом Загрузка... 31 Январь 2025
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы

Бишкек, 30.01.25. /Кабар/. Бүгүн прокуратура органдарынын 2024-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча Башкы прокуратуранын кеңейтилген коллегиясынын отуруму өттү.

Башкы прокуратурадан маалымдашкандай, отурумда 2024-жылдын жыйынтыктары талкууланып, прокуратура органдарынын мыйзамдуулукту сактоо, жарандардын укуктарын коргоо жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча аткарган иштери боюнча баяндамалар угулду.

Атап айтканда, 2024-жылы республика боюнча 14 124 прокурордук актылар келтирилген. Натыйжада 7 708 кызметкер жоопкерчиликке тартылып, мамлекетке келтирилген 22 млрд 961 млн 575 миң 855 сомдук зыян өндүрүлгөн.

Башкы прокурор М.К.Асаналиев прокуратура органдарынын ишмердүүлүгүнө коюлган талаптарга токтолуп, укуктук тартипти бекемдөө, мыйзамдуулукту камсыздоо боюнча аткарылышы зарыл болгон иш-аракеттерди белгилеп, конкреттүү тапшырмаларды койду.

“Прокуратура органдары – мыйзамдуулуктун жана укуктук тартиптин кепили. Биз жарандардын укуктарын жана мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоо боюнча иштерди дагы да күчөтүшүбүз керек” – деп белгиледи М.Асаналиев.

Мындан сырткары, Башкы прокурор акыйкат издеп кайрылган ар бир жарандын үнүн угууну, кайдыгерликке жол бербей, алардын укуктарын коргоого өзгөчө көңүл бурууну жана коррупцияга, адилетсиздикке каршы аоёсуз күрөштү күчөтүүнү талап кылды.

Отурумда коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү максатында мыйзамдарга киргизилген коррупция үчүн жоопкерчиликти катаалдантуу чаралары тууралуу өзгөртүүлөр талкууланды.

Жылдык жыйында көйгөйлөр жана чечүү жолдору талкууга алынып, соңунда 2025-жылга карата негизги милдеттер белгиленип, көзөмөл органынын ишин мындан ары дагы жакшыртуу, мыйзамдуулукту камсыздоо боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды.