2024-жылы өлкөдө бюджеттин эсебинен 39 тасма тартылган

Маданият Загрузка... 11 Февраль 2025 16:43
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 11.02.25. /Кабар/. 2024-жылы Кинематография департаменти тарабынан республикалык бюджеттин эсебинен 39 тасма тартылган.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, бул үчүн республикалык бюджеттен 140 млн сом бөлүнгөн.

Тартылган тасмалардын ичинен:

  • 2 толук метраждуу көркөм тасма;
  • 3 толук метраждуу даректүү тасма;
  • 1 кыска метраждуу көркөм тасма;
  • 24 кыска метраждуу даректүү тасма;
  • 7 сериал;
  • 2 анимациялык тасма.

Ведомстводон белгилешкендей, мамлекеттик кинодирекциялар тарабынан 265,3 миң көрүүчүлөргө 13950 сеанс көрсөтүлдү жана жалпы кирешеси 7 362,5 миң сомду түздү.

Эл аралык мамилелерди чыңдоо жана биргелешип иш алып баруу максатында 10 келишимге кол коюлду. Алардын экөөсү президенттин башка мамлекеттердин башчылары менен болгон жолугушуусунун алкагында (Италия жана Түркия менен аудиовизуалдык продукцияны биргелешип өндүрүү жөнүндө келишимдер) мамлекеттик деңгээлде кол коюлса, калган келишимдер департаменттин деңгээлинде.

Эл аралык кинофестивалдарга катышкан 13 байге алган тасмалар:

  • "Күүгүмдөгү коңгуроо" - Гран-при (Алмата, Казакстан);
  • "Галина Петровна" - Мыкты даректүү портрет (Алмата, Казакстан);
  • "Терең" - Мыкты докуфикшен (Алмата, Казакстан);
  • "Нарынбек" - ТҮРКСОЙ уюмунун диплому;
  • "Эмгекчил" - Мыкты этно-даректүү тасма (Алмата, Казакстан);
  • "Жылкычы чымчык" - IX CIFT “Мыкты дебют” (Канада), “Мыкты тасма” Ницца (Франция);
  • “Белек” - “Гран-при” (II-Бишкек эл аралык кинофестивалы);
  • “Кыз ала качуу” - мыкты режиссура (Cinema Haritage, Франция), “Мыкты режиссер” (II-Бишкек эл аралык кинофестивалы);
  • “Татту тиш” - калыстар тобунун атайын сыйлыгы (II Бишкек эл аралык кинофестивалы);
  • “Булак” - калыстар тобунун атайын сыйлыгы (II Бишкек эл аралык кинофестивалы);
  • “Айлиндин жомоктору” - көрүүчүлөдүн тандоосу (II Бишкек эл аралык кинофестивалы);
  • “Байланыш” - мыкты режиссер (КСКФ, Бишкек);
  • “Ромео” - IX Baiqonyr эл аралык кинфестивалынын жеңүүчүсү (Казахстан, Алматы);
  • “Асман балдары” - Мыкты тасма (Athvikvaruni International Film Festival Наду, Индия), Мыкты тасма, мыкты актриса, мыкты монтаждоочулар (International Moving Film Festival Мехико, Мексика) , Сынчыларды тандоосу (Kollywood International Film Festival Индия).