Бишкек, 06.03.25. /Кабар/. КР Билим берүү жана илим министрлиги 12 жылдык билим берүүгө өтүү боюнча мугалимдерди окутууну улантууда.
Ведомствонун маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө 12 жылдык билим берүүгө өтүүгө даярдыктар кызуу жүрүп жатат. Республика боюнча 24 миң мугалим даярдалган. Алдыңкы окутуу усулдарын окуп-үйрөнгөн 88 тренер бардык аймактарда мугалимдерди окутууда. Ошондой эле 46 жаңы муундагы китептерди басып чыгарууга даярдыктар көрүлүүдө.