1-класстын окуучулары бир жумалык кошумча каникулга чыгышат - министрлик

Коом Загрузка... 05 Февраль 2025 11:22
AB5I2652.original.jpg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 05.02.25. /Кабар/. 2024-2025-окуу жылынын үчүнчү чейрегинде 1-класстын окуучуларына бир жумалык кошумча каникул берилет. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Бишкек шаарындагы мектептердин 1-класстары 10-февралдан тартып каникулга чыгышат.

Ал эми өлкө аймактарындагы мектептер райондук билим берүү башкармалыктары менен биргеликте каникулдун так датасын аныкташат.

Белгилей кетсек, 1-класстын окуучуларына бир жумалык эс алуу Билим берүү жана илим министрлигинин базистик окуу планы боюнча берилет.