Балыкчы шаары менен Түркиянын Кепез районунун ортосунда боордоштук байланыш түзүлдү

Коом Загрузка... 31 Январь 2025
WhatsApp Image 2025-01-31 at 12.12.14.jpeg
copyright icon Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 31.01.25. /Кабар/. Күн мурун Кыргызстандын Анталия шаарында башкы консулу Рустам Кошонов Кепез районунун мэри Месут Кожагоз менен жолугушту.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Балыкчы шаары менен Кепез районунун ортосунда өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу жана улуттар аралык кызматташтыкты чыңдоо максатында боордоштук байланыштарды түзүү жөнүндө макулдашууларга жетишилди.

Кепез району 700 миңден ашкан калкы менен Анталиянын бардык райондорунун эң жыш району.

Эки өлкөнүн муниципалитеттеринин ортосунда достук, боордоштук байланыштарды түзүү экономика, маданият жана билим берүү тармагында кызматташуунун, ошондой эле Ысык-Көл облусунун жээк бөлүгүнүн инфраструктуралык долбоорлорун өнүктүрүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачат.