Бишкек, 28.08.26. /Кабар/. Жыргалаңда курулуп жаткан лыжа трассаларында лыжачылар менен сноубордчулардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКтан билдиришти.
Бүгүн ишкананын адистери, эл аралык консультанттар, подряддык уюмдардын өкүлдөрү жана долбоордун авторлору курулуп жаткан тилкелерди карап чыгышты.
"Жолугушууда кооптуу тилкелерге коргоочу торлорду орнотуу, трассаларды тосуу жана лыжа тебүү учурундагы тобокелдиктерди азайтуу боюнча чаралар каралды", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле Эл аралык лыжа жана сноуборд федерациясынын (FIS) талаптарына жооп берген трассаларды даярдоо маселесине көңүл бурулду. Белгиленгендей, анда трассанын бийиктик айырмасы, туурасы, эңкейиши, конфигурациясы, старт жана финиш зоналары боюнча эл аралык талаптар эске алынат.
Мындан тышкары, трассаларда спортчулардын коопсуздугун камсыз кылуу жана эл аралык мелдештерди өткөрүүгө зарыл шарттарды түзүү каралууда.